Бүгүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев туулган күнүнө карата уулу Кадыр Атамбаев жана аялы Раиса Атамбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Кадыр Атамбаев маалымдады. Анын билдирүүсүнө ылайык, Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган абалга тынчсызданууда. Ал өлкөнүн чек арасында тез аранын ичинде абал турукташып, тынчтык сакталат деген ишенимин билдирген. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө "Менин тарапташтарым менен эмес, өлкөнүн коопсуздугу үчүн анда болуп жаткан чыныгы көйгөйлөр менен күрөшкүлө" деген чакырыкты жасаган.
"Биз апам экөөбүз атамды туулган күнү менен куттуктадык. Атам мурдагыдай эле духта жана абалы жакшы. Биз ага акыркы маалыматтарды айтып бердик, жакында мен ага берип жибере турган китептердин тизмесин талкууладык. Алмазбек Шаршенович өзүнүн бардык тарапташтарына жана командасынын мүчөлөрүнө ысык салам айтты", - деп жазды Кадыр Атамбаев.
Өзүнүн билдирүүсүнө ал Алмазбек Атамбаевдин Баткен облусундагы жаңы чек ара заставасынын ачылышында тартылган сүрөтүн жүктөгөн.