Депутат Руслан Казакбаев мамлекеттик сырларды билген айрым чиновниктер жалпы режимдеги колонияларда кармалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште билдирди.
Депутат акыйкатчы Токон Мамытовдон мамлекеттик сыр дегенди кандай түшүнө турганын сурады. "Сиз мурунку чекист катары купуя сыр деген эмне экенин жакшы билесиз. Азыркы учурда ар түрдүү саясатчылар камалууда. Мыйзам боюнча, алар өз жазасын алат, бирок мурдагы чиновниктер жалпы түрмөлөрдө отурат. Алар мамлекеттин коопсуздугуна таасир тийгизбейби?" - деп сурады депутат.
Токон Мамытов: "Биз сиз менен кесиптеш чекистпиз. Мурунку чекист деген болбойт. Бул боюнча пикир алышалы", - дейт.
Кечээ Жогорку Кеңеште акыйкатчынын отчёту каралып, депутаттар тарабынан колдоо тапты.