Бүгүн, 19-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Кашкар Жунушалиев Кой-Таш окуясында Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө эки жолу киргенин айтты.
"Министр Атамбаев менен сүйлөшүүгө эки жолу кирген. Курсан Асановго сүйлөшүүгө ким уруксат бергенин билбейм. Ал өзү сүйлөшүү үчүн кирген", - деди Орозалиев.
Ошондой эле Памир Асанов Курсан Асановдун ишине баа берди. "Ошондо ал Атамбаевдин үйүнө киргенде, ал жердеги куралдарды алып, текшерүү үчүн ок аткан. Андай кылбашы керек эле, куралдардан манжалардын тактарын алышы керек болчу", - деди ал.