UFC'нин учурдагы эң атактуу мушкерлеринин бири орусиялык Хабиб Нурмагомедов 31 жашка толду. Ал 1988-жылы 20-сентябрда Орусиянын Дагестан автономиялык республикасынын Цуиадинск районунда жарык дүйнөгө келген.
Хабиб Нурмагомедов - UFC`нин (Эрежесиз уруш боюнча чемпионат) жеңил салмактагы мушкери. Аралаш согуш өнөрүн өздөштүргөн мушкер UFC алдында беттештерге чыгып, учурда дүйнөлүк мыкты балбандардын сап башында турат. Ал өзүнүн карьерасында 28 беттеш өткөрүп, биринде да жеңилүү ызасын тартып же тең чыккан эмес. Мындан улам ал азыркы тапта абсолюттук чемпион аталууда.
UFC үчүн беттештери
2012-жылы 21-январда Хабиб UFC`нин алдында алгачкы жолу беттешке чыгып, атаандашы Камал Шалорусту 3-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Мындан улам америкалык күйөрмандар Нурмагомедовдун жогорку деңгээлдеги даярдыгын дароо байкашкан.
Ошол эле жылы 7-июлда 2-беттешин дүйнөнүн мыкты 15 мушкеринин катарын толуктаган бразилиялык Глейсон Тибау менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен утуп алган.
2013-жылы 19-январда дагы бир бразилиялык жеңил салмактагы мушкер Тиагу Таваристи нокдаунга чыгарып жеңип алган. Ушундан кийин Хабиб UFC`нин жарым жылдык тизмесинде келечектүү мушкерлердин катарын толуктап, 4-орунга илинген. UFC 160 Лас-Вегаста 26-майда өткөрүлүп, анда Хабиб Нурмагомедов Абель Трухилього кез келип, 3 раундда тең атаандашынан үстөм келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздаган.
Аталган жеңишинен кийин мушкер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу UFC`нин президенти Дэйна Уайттан легендарлуу мушкер Би Жей Пенн менен беттештирүүсүн өтүнгөн. Бирок легендарлуу мушкер беттешүүдөн баш тартып, UFC анын ордуна мыкты ондукка кирген Пэт Хилини сунуштаган. Алардын беттеши Канаданын Торонто шаарында уюштурулуп, Хабиб 3 раундда тең Мэтт Хьюздун стили менен айырмалана алган.
UFC 169да Хабиб Нурмагомедовдун америкалык "Strikeforce" компаниясынын мурдагы чемпиону Гилберт Мелендес менен өтүүчү беттеши болбой калган.
2014-жылы 19-апрелде Хабиб UFC`нин тизмесинде 5-орунда келе жаткан бразилиялык Рафаэл дус Анжус менен АКШнын Орландо шаарында кез келген. 3 раундда тең атаандашынан үстөм келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен.
Тони Фергюсон менен кез келер алдында 2014-жылы 5-июлда мушкер тизесинен жаракат алып 1 жылга чейин, 2015-жылы кабыргасын сындырып алып дагы бир нече убакыт бою беттешке чыга албай калган.
2016-жылы 16-апрелде Тони Фергюсон менен беттеш пландалып, бирок Фергюсондун жаракат алуусуна байланыштуу, анын ордуна Нурмагомедов Даррелл Хорчерге кез келет. 2 жылдык тыныгуудан кийин атаандашын 2-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.
Хабиб Нурмагомедов UFC 205те жеңил салмак боюнча чемпион Эдди Альварес жана UFC 206да Дэйн Уайт менен октагонго чыгарын социалдык тармактарга жазып чыккан. Бирок 26-сентябрда Альварес өзүнүн чемпиондук титулун ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен беттешип, коргой тургандыгы жарыялангандан кийин орусиялык мушкер нааразычылыгын социалдык тармактарга жазып чыккан.
2016-жылы 12-ноябрда UFC 205 АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп, анда Хабиб америкалык мушкер Майкл Жонсонду кимура ыкмасы менен жеңип алган. Октагондо Хабиб Майклдан үстөм келип, 3-раундда атаандашы жеңилгендигин моюнга алып, жерди кагууга алы жетпей калгандыктан калыс оюнду токтоткон. Аталган беттештин алдында Хабиб Конор Макгрегор менен чатакташа кетип, кийинки беттеште жолугушууга бири-бирине сөз беришкен. Айта кетсек, буга чейин эки мушкер жакшы мамиледе болуп келген.
2018-жылы 6-октябрда көптөн бери пландалып, бирок өтпөй келген Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун беттеши АКШнын Лас-Вегас шаарында орун алып, анда орусиялык мушкер жеңишке жетишкен. Беттештин аягында жаңжал чыккандыгына байланыштуу спортчуга кур тапшырылган эмес.
Ал эми 2019-жылдын 7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье БАЭнин Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында кез келди. Хабиб учурдагы жеңил салмактагы чемпион, ал эми Порье убактылуу чемпион эле.
Беттештин 3-раундунда Хабиб Порьенин муунтуу ыкмасынан бошонуп чыгып, кайра өзүн муунтууга жетишти. Жыйынтыгында Порье жеңилгенин билдирди. Орусиялык мушкер 28-беттешинде 28-жеңишине ээ болуп, жеңил салмактагы UFC'нин абсолюттук чемпиону аталды.
Үй-бүлөлүү, 2015-жылы июнь айында кыздуу болсо, 2017-жылы декабрда уулдуу болгон. Ал эми азыркы тапта 3-ымыркайын күтүп жатканы белгилүү.
20-сентябрга карата жылнаама.