Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңди. UFC 229 чемпиондугунун аягында жеңишке жеткен Хабибге чемпиондук кур октагондо тапшырылган жок. Буга мушкерлер арасында чыккан мушташ себеп болду.
Алгач оюн токтотулган соң Хабиб октагондун сыртында турган мушкерлер менен кыйкырыша кетип, натыйжада ортодо жаңжал чыкты. Хабиб октагонду ашып өтүп, мушкерлердин бири менен мушташты. Буга байланыштуу башка мушкерлер жана колдоочулар ортосунда ири башаламандык пайда болду. Хабибдин колдоочуларынын бири Конор менен мушташа кетип, октагон спортчулар менен жан сакчыларга толуп калды.
Тартип сакчыларынын жардамы менен чыр токтотулуп, алгач октагондон Конор, кийин Хабиб чыгып кетти. Ошондон улам жеңүүчүгө чемпиондук кур күйөрмандардын алдында тапшырылган жок. UFC'нин президенти Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедовго: "Эгер мен ызы-чуудан кийин сага курду октагондо тапшырганымда башаламандык чыгарып жаткандар сага чабуул жасамак", - деп түшүндүрмө берди.