Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова: "Мен парламенттин эрте тарашына каршымын". КҮНСОБОЛ

Жакында айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш таркайт" деген божомолдор жарыяланган. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн?" деген собол салды.

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Жогорку Кеңештин эрте тароосуна каршы экенин айтты. "Парламент мамлекетибиздин үч бийлигинин бир бутагы. Бардык чечимдер мыйзам ченемдүү болсун деп жатпайбызбы. Ошондуктан Конституциянын негизинде парламент өз ишин аткарышы керек. Парламент мөөнөтү бүткөндө бизге отчётун берип кетсе жакшы болмок. Биз мыйзам ченеми менен жашаганга үйрөнүшүбуз керек. Мына ошондо өнүгүү, өсүүгө чоң жол ачылат. Инвестициянын келиши дагы ушуга баланыштуу. Банктык систем боюнча мыйзамдар бар. Ошолор иштебегени үчүн инвесторлор келбейт. Инвесторлор митинг, революцияга карабайт.

Эмне үчүн тарашы керек деген суроо жаралат. Эгерде парламент өзү баш болуп мыйзамды бузуу менен кандайдыр бир иштерге бара турган болсо, эл буга чыдабайт. Парламент өзүлөрү чыгарган мыйзамды көзөмөлгө албай жатат. Ушуга окшогон маселеге эл депутаттарга доо койсо парламенттин эрте тароосуна мына ушул себеп болуп калышы мүмкүн.

Соттор мыйзам ченемдүү иштеп калды деп айтып жатышат. Жок, мен антип айта албайм. Мыйзам баарыбир тандалма жол менен иштеп жатат. Ким бийлик менен соодалаша алса, ошолордун маселеси чечилип башкалардыкы чечилбей жатат", - дейт Жылдызкан Жолдошова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан