Өлкө башчы Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти. Өлкө башчысы Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эң алгачкы Дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

"Сенин алтын медалың - бул кыргыз спортунун чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпиондугунда, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем", - деди Сооронбай Жээнбеков

Жолугушуунун соңунда президент Сооронбай Жээнбеков кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
altyn-kumush
2019-09-25 14:01:21
Конушуң кут болсун. Алдыда көптөгөн ийгиликтерди багынтып жүрө бер.
+21
mirbek2211
2019-09-25 14:16:16
Куттуктайбыз, кыргыз курошунун тарыхына атынды жазып калтырдын.
+17
Suzak12
2019-09-25 14:17:44
Конушун кут болсун куттуктайм тойлор болсун сенин жакшылыктарына жарасын.
+19
PROS
2019-09-25 14:19:15
Греплиң боюнча да бир жигит алтын утпады беле Нурсултан шаарында, ага эмне батир бербейсиңерби?!
+10
baatyrbek083
2019-09-25 14:38:48
Конушун кут болсун.кийинкисинде олимпиада чемпиону бол.
+7
Kaary
2019-09-25 15:14:26
Азамат кыз экенсиз, тайманбаган, тырышчаак. Куттуктайбыз! Өлкө башчыга да ыраазымын, ушуну күтүп жаткам!
+7
Stervashka
2019-09-25 15:32:04
Оо я очень рада! Мындан ары да мартабан ашып, зоболон которулсун! Президентибизге ыраазычылык!
+7
Bektur2011
2019-09-25 16:15:16
Азаматсын Айсулуу ата-энен карапайым жөнөкөй адамдар экен. Сенин женишинди ар бир кыргыз сыймыктанат. Тарыхта калаарлык иш жасадын. Сен чыныгы эмгегин менен тарыхта калсан чондорбуз бок курсак болуп олтурушат.
+7
KG.Kushtarbek
2019-09-25 17:22:53
Бер бер!!!! Бер ушуга окшогондорго Мумкунчулугу чектелгендерге бер
+4
Mamiev
2019-09-25 17:44:51
Баткенде каза болгон жоокерге дагы эч болбосо бир болмолуу батир берип койсо жакшы болмок. Президентибиз унутпады бекен а ал жоокерди
+6
JaneEr
2019-09-25 18:30:21
Айсулуу атасынын копиясыго.Азамат,уулга бергис кызы бар экен,ата-энесине ырахмат.
+6
Baku88
2019-09-25 19:04:21
Азамат кыз ак жолтой уй болсун ушул уйундо бапырап балалуу бол бактылуу бол
+5
Baku88
2019-09-25 19:07:10
Айсулуу дуйно чемпиону болдубу же дуйно чемпиондугуна жолдомо алдыбы ММКларда дуйно чемпиону деп жазылып журот кее бирлеринде дуйнонун чемпионун утту деп журот дагы бироондо токиого жолдомо алды дейт жонокой жарандар чемпион болгон жок деп
0
Margo82
2019-09-25 19:24:40
Baku88,Д
Дуйно чемпиону Тайбе Юсейнди утуп,Дуйно чемпиону болуп,Токио олимпиадага лицензия алды.
+3
madina.87
2019-09-25 21:08:15
Baku88,Ойгон тууганым, эмне биз бир жумадан
бери түш жооруп жатабызбы?
Кичине мээңди иштетсең,свежий бойдон сактап жүрө бербей.
+3
meni_kut
2019-09-26 07:21:18
madina.87,))))))))
+1
akmanai
2019-09-25 21:30:01
Элдин намысына жарай турган кыз тапкан, тарбиялаган ата-энесине миллион алкыш. Тренерине рахмат!
+2
aryn
2019-09-26 12:46:36
Азамат, рахмат айтабыз кыргыздын атын чыгарып аман эсен ден соолукта жур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан