Орусиялык мушкерлер Екатеринбург шаарындагы мейманкананын ресторанында бири-бири менен мушташып кетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бокс боюнча Дүйнө биринчилиги Екатеринбург шаарында 7-сентябрдан 21-сентябрь аралыгында өткөн. 20-сентябрда Орусиянын бокс федерациясынын өкүлдөрү жана мушкерлери ресторанда эс алып жатышкан. Соңунда мушкерлер ортосунда мушташ чыгып, чырды Орус гвардиясынын аскерлери келип токтотушкан.
Орус спортчулары Дүйнө биринчилигинде 3 алтын жана бир коло медаль жеңген.