Кытайлык "Liaoning Leader" корпорациясы Өзбекстандын Бухара облусуна баасы 1 миллиард 800 миллион долларды чапчыган шамал электр станциясын куруу иштерин баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, жергиликтүү маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, долбоор үч этап менен ишке ашырылат. Биринчи этапта кубаттуулугу 200 МВт болгон шамал электр станциясы курулат. Үч этаптын жыйынтыгы менен 6 миң гектар аймакка кубаттуулугу 1500 МВт болгон шамал электр станциясы курулат.
Өзбекстан 2017-жылы 2025-жылга чейин электр энергиясын алуу булактарын өнүктүрүү программасын кабыл алган.