Кытайдын күч органдары Чжан Ци аттуу аткаминердин үйүн тинтүү учурунда анын үйүнүн жер төлөөсүнөн 13 тонна алтын жана накталай 286 миллиард юань (40 миллиард доллардын тегереги) табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чжан Ци эмгек жолунда басымдуу бөлүгүн Кытайдын түштүгүндө Хайнань провинциясында жогорку кызматтарда жана Гуанчжоу шаарынын мэри болуп иштеген. Литва, Латвия, Исландия өлкөлөрүнүн алтын запасын кошкондо деле 13 тонна болбойт деп жазылат маалыматта.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алтын резерви 2019-жылдын июль айына карата 13,68 тоннаны түзгөн.