Биз социалдык тармакта

Ош шаарына бараткан учак Орусиянын Самара шаарына шашылыш конду

Кечээ, 26-сентябрда “Урал авиалиниялары” компаниясынын Airbus А320 учагы шашылыш түрдө Самара шаарына конду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

“Учак Москвадан Ош шаарына бет алган. Ал ортодо салондогу бала өзүн жаман сезе баштаган. Учкуч тез арада конуу чечимин кабыл алган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда бала ОРВИ диагнозу менен Самара шаарынын №5 ооруканасында дарыланууда.

Ош шаарынын аэропортуна байланышканыбызда аталган окуя кечээ болгонун тастыктады. "Москва-Ош каттамындагы учак саат 21:30да Самара шаарына конуптур. Өзүн жаман сезген бала апасы менен ооруканага жеткирилип, калган жүргүнчүлөр аман-эсен Кыргыз өлкөсүнө учуп келишти", - деп жооп берди аэропорттун өкүлү.

Баланын 11 жашта экени, айрым маалыматтарда 1 жашта экенин жазышууда. Маалымат толукталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasgul
2019-09-27 11:46:02
Супер инфого ишенелиби же Акипресскеби. Акипресс 2018-жылы туулган бала дейт. Силер 11 жашар дейсинер. Тактап чыгаргылачы урдура бербей
+8
asash
2019-09-27 16:13:02
Кыркыктан кудайым сактасын, кыргыз жериме тынчтык,инсандарыбызга ыйман, олкобузго кен келечек бер. Э Рабби, Кыргызстаныбызды онуккон мамлекет кыл,ар бир уйдого ынтымак, ырыскы бер!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан