Келерки парламенттик шайлоого бюджеттен 1 миллиард 200 миң сом каралганы турат. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.
Өкмөт 2020-жылы бюджеттегилердин айлык фондун 10 миллиард 700 миң сомго көбөйтүүнү пландап жатканы айтылды.
"Мындан тышкары, мамлекет ири иш-чараларга кошумча каражат бөлөт. Анын ичинде парламенттик шайлоого 1 миллиард 200 миң сом мыйзамга ылайык берилет", - деди Абылгазиев.
Ошондой эле 2020-жылы калкты кайра каттоо башталат. Буга өлкөнүн казынасынан 240 миллион сом керектелет.