Искендер Матраимов: "Азаттыктын" операторунун айынан дрон үйдө жүргөн жигиттин башына түшүп, ал жабыркаган"

Кечээ, 28-сентябрь күнү Ош шаарынын аймагында «Азаттык» радиосунун кабарчыларынын катышуусундагы окуя тууралуу Ош ШИИБи маалымат тараткан. Анда бир тарап Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары "Азаттыкка" таандык видеокамера менен дронду тартып алды десе, экинчи тарап үйүнүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен видеотасмага тартып жатат, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салууда деп арызданган. Экинчи тарап дрон үйдөгү тургундардын биринин башына келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жогорудагы окуя тууралуу муну билдирди: "Азаттыктын" оператору Айбек Кулчуманов бир күн мурун Кара-Суудагы мечитти тарткан. Экинчи күнү үйдү тарткан. “Азаттыктын” журналисттерине “5 жылдан бери эле үйдү тартасыңар” деп дагы айттым. Чындыгында 5 жылдан бери ошол үйдү бир эле “Азаттык” кайра-кайра тарта берет. Үйдү тартууга эч кандай уруксат алышкан эмес. 5 жыл тартканы аз келгенсип, кайрадан эле бул жолу да таңкы саат 6 менен 7нин ортосунда үйдү видеотасмага дрондун жардамы менен тартканы келишкен. “Азаттыктын” жөндөмү жок операторунун айынан дрон үйдө жүргөн жигиттин бетин жакын тартабыз дешкенби, айтор аппараты баланын башына түшүп, ал жабыркаган. Дронун башкара албай калган оператор аппаратын издеп жүрүп, балдардын колуна түшүп калат, жигиттер бирөөнүн жеке менчигин уруксатсыз тартканы үчүн дронду жана пультун тартып алышкан. Андан кийин “Азаттыктын” журналисттери милицияга арыз жазган. Учурда журналисттердин сөзү эки түрдүү чыгып, “эртең менен саат 7де шаарды тартып жүргөнбүз” дешүүдө. Ошол жерден башка жерге барып, шаарды тартса болбойбу? Кийин Ыдырыс Исаков аким болуп иштеген иниме, Райымдын жакын өкүл баласына байланышка чыгып, “дронду берип койгула, эми мындан ары бири-бирибизге тийишкенди токтотолу” деп айтыптыр".

Ал эми "Азаттык" тараткан маалыматка ылайык, 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз төрт киши күчкө салып, «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алган. Кулчуманов кезектеги иликтөөнүн алкагында Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу шаарды тартып жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан