Медиа эксперт Бегаим Усенова: "Мамлекет маалымат булактарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга умтулуш керек". КҮНСОБОЛ

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданды. Ал жалган маалыматтардын тарашы күч алып жатканын айтты. Депутат эл өкүлдөрүн фейк маалыматтарга каршы күрөшүүгө чакырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Депутаттар арызданууда. Социалдык тармактагы жалданма пикир жазуучуларга каршы күрөшүү керекпи же мындай күрөш сөз эркиндигине коркунуч жаратпайбы?" деген собол салды.

Медиа эксперт Бегаим Усенова талашка түшкөн маалымат менен ага карата атаандаштын ой-пикири болгондо гана күрөшсө болот деген ойдо.

“Менин кесиптешим Авланбек Жумабаев айткандай, алгач депутаттар өздөрү тастыкталбаган маалыматтарды жаратпашы керек. Алар шайлоонун алдында укмуштуудай убадаларды берип келгендерин унутпасын. Чынында, мындай демилгелер көбүрөөк цензурага окшошуп калат. Жалган, тастыкталбаган маалыматты таратуу, адамдын беделине шек келтирүүчү, намысына тийген, жек көрүүчүлүктү тутанткан, зордук-зомбулукка шыкактоо сыяктуу маалыматтарды тараткандарга карата өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык, укуктук баа берилерин депутаттар билбей калышы мүмкүн эмес. Мындан тышкары, кандай гана маалымат болбосун, ага карата жаралган талкууга тыюу салынбашы керек. Айрым өзгөчө кырдаалдар учурунда (кырсык, массалык баш аламандык, жаратылыш кырсыктары) мамлекет өзү бейтарап маалыматтарга ээ боло албай калат. Мындан улам тастыкталбаган маалыматты жайылтууга бөгөт коюунун эң оптималдуу чечими - мамлекет коомдун алдында ачык-айкындуулугун жоготпошу керек. Башкача айтканда, коомдук маанилүү окуяларда маалыматты толук, ачык бериши шарт. Мамлекет маалымат булактарынын ачык-айкындуулугун жана ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга умтулуусу зарыл. Бул багытта жарандык коом жардамга келет. Булардын баары ачык жана эркин талкуунун негизинде гана ишке ашат", - деди ал

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан