Алып баруучу Андрей Малахов берүүсүндө айткан сөздөрү үчүн Кыргыз өлкөсүнөн кечирим сурады. Анда Малахов эфирди дүйнө жүзү көрөрүн жана ар бир теле көрүүчүнү сыйларын айтып, кечирим сураган.
"Ушул студияда айтылган сөздөр үчүн "Прямой эфир" теле берүүсүнүн жамаатынын жана өзүмдүн атыман кечирим сурайм", - деген ал.
24-сентябрь күнү олигарх Александр Маруговдун уулунун жол кырсыгындагы өлүмү тууралуу көрсөтүү эфирге чыккан. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары социалдык тармактарда "көрсөтүүнүн жүрүшүндө алып баруучу Андрей Малахов бүтүндөй кыргыз элинин дарегине орой сүйлөдү" деп анын кечирим суроосун талап кылышкан.