Депутат Исхак Масалиев: "Мектептерде ата-энелердин бардыгы милдеттүү түрдө акча бериши керек деген туура эмес". КҮНСОБОЛ

Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Министр акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөрүн айтты. Бул коррупциялык иштер токтотуларына көзүңүз жетеби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев аталган буйрук ишке ашабы же жокпу билбей турганын билдирди.

"Мектепте шарт жок болсо, ата-эне жардам берсе болот. Бирок милдеттүү түрдө акча чогултушу керек деген туура эмес. Мектептерде акча чогултуу боло берет. Мамлекеттик мектептерде акча чогултуу токтотулсун дегени менен турмушта башкача болот. Бул буйрук ишке ашабы же ашпайбы билбейм", - дейт Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан