Орусияда шоколад уурдаган жигит 2 жылга эркинен ажыратылат

Орусиянын Самара шаарында балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү 20 жаштагы жигит таттуулар дүкөнүнөн шоколад уурдагандыгы үчүн сот аны 2 жыл 7 айга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Келтирилген чыгым 1600 рублды түзгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү күнөөнү толугу менен моюнуна алган. Бирок соттун мындай чечими коомчулукта талкуу жаратты. Социалдык тармактарда шоколад уурдагандыгы үчүн эркинен ажыратып жаткан соттун чечими кескин сынга алынды. Сот чечимин өзгөртүп, жигитке айып пул жазып же коомдук ишке тартуу керектигин айтып жатышат.

Жигиттин жактоочусу апелляцияга берүүгө даярданып жатышкандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан