Орусияда 5 жыл мурда жынысын алмаштырган эгиз кыздар учурдагы жашоо-турмушу тууралуу орусиялык гезиттердин бирине интервью беришти.
Алардын айтымында, кыздар 4 жашынан тарта эле эркек болууну самап келишкен. Бирок жынысын алмаштырууга 30 жылдан кийин гана батынышкан. Ошол учурда экөө тең үй-бүлө күтүп, бала тарбиялап калышкан. Эгиздин бири төрөттөн кийин депрессияга кабылып, өз өмүрүнө кол салууга чейин барган.
Жынысын алмаштыруу үчүн эгиздер Москва шаарына келишкен. Күйөөсү менен мыйзамдуу түрдө ажырашып жатканда ал эркек кейпинде болуп калган. Жынысын алмаштырып, документтерин эркектин атына өзгөрткөн учурда анын баласы 7 жашта ал эми кызы 3 жашта болгон. Күйөөсү оор илдетке чалдыгып, кийин каза болгон. Балдарына атасынын өлүмү жана энесинин кейпинин өзгөрүшү чоң сокку болгон.
Ал эми эгиздин түгөйү 3 жыл мурда үйлөнгөн, учурда балдары аны ата десе, аялын апа деп кайрылышат. Эми ал өзүн чындап бактылуу сезип, жашоодо өз ордун тапкандыгын билдирген.