Эколог Калия Молдогазиева: "Өкмөт пластик баштыктарды колдонууга таптакыр тыюу салыш керек". КҮНСОБОЛ

Өкмөт пластик баштык колдонууга салык киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккандыгы жазылган. Анда пластик баштыктын ордуна кагаз баштыгын колдонуу сунушталган. Пластик баштыктарды сатууда же импорттоодо аларды Кыргыз Республикасында утилизация кылуу үчүн төлөмдөрдү киргизүү камтылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластик баштыктарды колдонууга салык киргизүүнү сунуштады. Колдоо керекпи?" деген собол салды.

Экология боюнча эксперт Калия Молдогазиева биринчиден адамдардын экологиялык аң-сезимин өзгөртүү керек деген пикирде. "Бул убактылуу эле чара. Салык салуу менен бир гана нерсе өзгөрөт. Пластик баштыктардын баасы жогорулайт. Айлана-чөйрөнүн тазалыгын ойлосок, алгач адамдардын бул маселеге карата мамилесин өзгөртүү керек. Адамдар өздөрү дүкөндөргө илгеркидей чүпөрөк, сеткадан жасалган баштыктарды көтөрүп барса болот да. Маселе өзүбүздө, ошондуктан алгач экологияга болгон аң-сезимибизди өзгөртөлү. Же болбосо өкмөт пластик баштыктарды колдонууга таптакыр тыюу салыш керек", - деди эколог.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан