Ырчы Дайыр Исмадияровдун “Ананай” аттуу жаңы ыры чыкты. “Көптөр сүйгөн адамын “күчүгүм”, “мышыгым”, “балапаным” деп эркелетишет. Бул ырда эркелетүүгө “Ананай” деген сөздү колдондум. Бул сөз менен эркелетүү модага айланса дейм”,- дейт ырчы. Айтымында, учурда ырга клип тартуу пландалууда. “Gangnam Style” ырындагыдай эле бул ырдын да өзүнө таандык бийи болот. Бийди “Береке” бий ансамбли менен кошулуп бир топ ырчылар да аткарышарын кошумчалады ал.