1-октябрда Стамбул шаарынын аэропортунан Кыргыз жараны Айчүрөк Данияр кызы жоголуп кеткендиги тууралуу Түркиядагы мекендештер социалдык баракчаларга жазып чыгышкан. Ага ылайык, “24 жаштагы Айчүрөк 1-октябрда Франкфурт шаарынан Стамбулга Turkish Airlines TK1594 рейси менен учуп келген. Анын Стамбулдун аэропортуна келгени видео көзөмөлгө түшүп калган. Бирок кыз паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес. Андан бери Айчүрөк Данияр кызынан кабар жок, байланыш үзүлгөн”, - деп айтылган маалыматта.
Ал эми кыздын атасы Бекболсун Молдалиев: “Кызым Айчүрөк Данияр кызы 1 жарым жылдан бери Франкфурт шаарында окуп, иштеп жүргөн. Ошол күнү транзиттик рейс менен Франкфурттан учуп чыгып, Стамбул аркылуу Бишкекке келмек. Акыркы жолу Франкфурт шаарынан учакка отурарда чалган. Кызыбыз өзүн-өзү билип, бейчеки басып кетчү кыздардан эмес. Кантип жакшынакай үйүнө келе жаткан кыз жоголуп кетсин деп, бушайман болуп жатабыз. Кээ бирлери анын стрессте жүргөнүн айтышууда, кимге ишенерибизди билбей жатабыз. Элчиликке, консулдукка, мындан тышкары бардык тиешелүү жерлерге да кайрылдык”, - деген маалыматын берген.
Бүгүн, 4-октябрда саат 18:00 чамасында Айчүрөк Данияр кызы табылганын маалымдашты. Кыздын атасы кызы аман-эсен табылып, Бишкекке учуп келе жатканын билдирди.