Бишкекте “Интролибриум” аттуу кыска метраждуу тасма тартылууда

Бишкек шаарында “Интролибриум” аттуу кыска метраждуу тасма тартыла баштады. Бул тууралуу "ICAN" студиясынын координатору Улан Жээналиев билдирди. Айтымында, бул Кыргызстанда биринчи жолу бир канча музыкалык топ катышкан тасма болуп эсептелет. Долбоордо “We will be”, “ICAN”, Нурсултан Алимбеков, Атай Өмүрзаковдун “Мен бийчимин” ("Я танцор") топторунун бийчилери жана ырчы Ильяс Жээналиев катышат. Башкы ролду жаш актёр жана кинорежиссёр Нурмат Сакебаев ойнойт. Тасманын автору жана режиссёру - Лос- Анжелестен келген Даурен Камшибаев. Тасмада адамдын жан дүйнөсүндөгү жакшылык менен жамандыктын күрөшү чагылдырылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан