4-октябрь күнү Сокулук РИИБине 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маркумдун жансыз денеси Совхоз-Фрунзе айылынан табылган. Маркумдун денесин кароо учурунда көк ала тактар бар болгон.
Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чап жаак, чачтары кара, кашы калың жана кара.
Кийген кийимдери: FILA-ORIGINAL жазуусу бар жеңи узун, көк түстөгү кофта, көк жынсы шым, кара түстөгү байпак, ал эми моюнунда күмүш чынжырча тагылган. Өзгөчө белгилери: сол колунда татуировка, үстүңкү тиштеринин бири сары металлдан жасалган.
Эгерде кимде-ким жогорудагы маркум тууралуу кандайдыр бир маалыматтарды билсе, Сокулук райондук ички иштер органдарына кайрылсаңыздар болот.
Байланыш номерлери: 0701 801-803, 03134 53380 же 102.