Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш-чараларды күчөтүшү керек". КҮНСОБОЛ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө 6 адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Ал көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

SUPER.KG порталы "Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Бул мындай биринчи кырсык эмес. Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында эмне үчүн тийиштүү иштерди алдын ала жүргүзбөйт?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров белгилегендей, адамдардын кырсыкка учурап, аягы өлүм менен бүткөн окуя биринчи жолу болгон жок.

"Ушундай окуялар болгондо өкмөттөгүлөр кайгыргандай түр көрсөтүшүп, кайра унутуп калышат. Алар эмнеге коопсуздукту колго алышпайт? Эгерде өкмөт тиешелүү көңүл буруп, алар менен байланышта болсо, мындай кырсык болбойт болчу. Көмүр казып, каза болгондорду "уруксаты жок көмүр казды" деп айтып жатышат. Мындай сөзгө каршымын. Алардын жумушу жок болсо, көмүр казганга барышат да. Өкмөт андай жерлерге коопсуздук иш-чараларын күчөтүшү шарт. 6 жарандын каза болгонуна өкмөттү күнөлөш керек. Бул үчүн өкмөт отставкага кетиши зарыл", - дейт Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан