"Журналисттер "Азимбек Бекназаров Малайзияга элчи болуп барабы?" деп менден сурап жатышат", - деп бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Ал тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдон чын эле Азимбек Бекназаров элчиликке сунушталып жатабы деп сурады. "Журналисттер Бекназаров элчиликке сунушталып жатканын өзү айтты деп чалышты.Чын эле ал элчилик кызматка сунушталып жатабы?", - деди депутат.
Министрдин орун басары бул боюнча маалыматы жоктугун айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда Бекназаров Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчилик кызматына барат деген маалымат тараган.
Кечээ, 7-октябрда Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, ага мамлекет башчы элчилик кызматты сунуштап жатканын айткан.