Депутат Дастан Бекешев: "Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү президенттик шайлоо учурунда киргизсек туура болот ". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 7-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, ага президент ар кандай кызматты сунуштап жатканын айтты. Бирок ал президент менен такташып алчу маселелери бар экенин билдирди. "Элдик курултай" кыймылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бекназаровдун айтымында, аталган кыймыл тарабынан коюлган талаптарга президент макул болгонун айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бекназаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө Сооронбай Жээнбеков макул экендигин айтты. Ар бир президенттин тушунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе берүү Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенин, бирок аны азыр эмес, президенттик шайлоо учурунда кылуу туура экенин айтты.

"Биринчиден бул айтылгандарды тактоо керек. Бизге тарыхта кала турган президент керек. Ал Баш мыйзамды өзгөртпөгөн президент Сооронбай Жээнбеков болушу керек. Мен бүгүн эле ушул тууралуу кат жөнөттүм. Конституция 1993-жылы кабыл алынгандан баштап эле мындай жазалы, тигиндей жазалы деп айтып жатышат. Биз бул жаатта шашып эле жүрөбүз.

Баш мыйзамдын нормалары боюнча менде дагы бир топ эле ойлор бар. Чынында Баш мыйзамыбызга бир топ эле өзгөрүүлөр керек. Бирок менимче, муну азыр эмес, кийинки президенттик шайлоо учурунда кылсак туура болот. Мисалы, азыр Сооронбай Жээнбеков конституциялык жыйынды буйруктун негизинде түзсө, биз үч жыл ичинде бул тармакты жакшылап, шашпай талкуулап ушул долбоорду даярдасак туура болот. Анда биздин президент тарыхта жакшы жагы менен калат. Элди уккан, өзүнө өзгөртүүлөрдү тартуулаган президент гана ушундай кыла алат", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан