"Тазалыктын" жумушчулары таланты менен таңдантты

Адилет Туратбек уулу кесиби боюнча музыка мугалими. Бирок ал "Тазалык" муниципалдык ишканасында эмгектенип, борбор калаабыздын таза болушун камсыздагандардын бири. Бүгүн, 8-октябрда кесиптеши Алмаз Арзыкулов менен "Театр" скверинде Жолдубай Кайыповдун "Ата-эне" чыгармасын аткарды. Бул видео дароо интернет колдонуучуларынын көңүлүн бурду. SUPER.KG "Тазалыктын" таланттуу кызматкерлери менен жакындан таанышып келди.

"Менин атым Адилет Туратбек уулу 1991-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем, бирок Кемин районунун Ак-Түз айылында чоңойгом. Кичинекей кезимден бери ырга кызыгып, ырдап келем. Айылда ар түрдү музыкалык сынактарга да катышып келгем. Мектепти Кеминден бүтүп, шаарга келип Бишкек шаардык Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжине тапшырып, билим алгам. Ал жакта жакшы мугалимдерим бар, алардан вокал жаатында билим алгам. "Тазалыкка" жумушка орношконума 2-3 ай эле болду. Ага чейин 2 жыл кесибим менен музыка мугалими болуп иштедим. Тазалыкта мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк экен, ошол үчүн бул жакта эмгектенип жатам. Мугалим болсом "Тазалыктагыдай" айлык ала алмак эмесмин.

Бүгүн өз алдыбызча эле ырдап көрөлү деп аны видеого тартканбыз. Жолдубай Кайыповдун "Ата-эне" чыгармасын ырдаганымдын себеби бул ыр мага жагат жана көптөгөн балдардын ата-энесин баалоого сабак болот. Өзүмдүн болсо ата-энем каза болуп калган, таенемдин колунда чоңойгом. Таенеме рахмат айтам, анткени мени канчалаган кыйынчылыктарга карабай чоңойтту.

2013-жылдан бери чыгармачылыкка кызыгып, алектенип келем. Өзүм деле рэп жанрында ырларды жазам. Бирок көбүнчө орусча жазам. Себеби орус тилдүү мектепти аяктап, орус улутундагы балдар менен достошкондуктан болсо керек. Рэп жазганымды кээ бирөөлөр талант деп коюшат экен. Мен үчүн бул жөн гана хобби.

"Чет элдик ырчылардан Дима Биландын мурдагы чыгармалары жагат, жаңы ырларынын эмнегедир сөздөрүнүн мааниси жоктой. Ал эми кыргыз ырчыларынан Бегиштин ырларын жактырам. Кээде студияга барып ырларды жаздырып калам, бирок алар элге чыкпайт көп болсо досторума эле угузам. Атайын музыкалык сынактарга катышып, кастингтерден деле өткөм, бирок каражаттын жетишсиздигинен уланта албай калгам", - дейт Адилет Туратбек уулу.

Адилетти ырдатып көрүү демилгесин видеодо фортепианодо ойногон кесиптеши Алмаз Арзыкулов көтөргөн.

"Адилет бизге жумушка 2 ай мурда жүк жүктөөчү болуп орношкон. Анан таанышканда жумушка жаңы келгенде сураштырасың да, музыкалык билимим бар деп айткан. Анда бир күн ырдайбыз деп айткам. Ошол күн бүгүнкүгө туш келиптир. Фортепиано ойноп берсем таланты бар экен жакшы ырдап берди. Мен өзүм да фортепиано, гитарада ойноп калам, үйрөнчүкмүн десем болот. Белгилүү продюсерлер байкап калышса элге чыгып кетсе жакшы болмок. Өзүбүз деле чыгаралы деген ой болду, бирок каражатыбыз жетишпейт го", - деди Адилеттин кесиптеши.

"Тазалыктын" кызматкерлери таланты менен коомдун алкоосуна арзыды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2019-10-08 19:22:03
Таланттым бар таанышым жок дегин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан