Кечээ, 7-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, ага президент ар кандай кызматты сунуштап жатканын айтты. Бирок ал президент менен такташып алчу маселелери бар экенин билдирди. "Элдик курултай" кыймылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бекназаровдун айтымында, аталган кыймыл тарабынан коюлган талаптарга президент макул болгонун айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бекназаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө Сооронбай Жээнбеков макул экендигин айтты. Ар бир президенттин тушунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе берүү Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?" деген собол салды.
Саясатчы Ахматбек Келдибековдун пикиринде, Конституцияда көп мүчүлүштүктөр бар. "Конституцияга өзгөртүү киргизүү бул учурдун талабы. Баш мыйзамда көп мүчүлүштүктөр бар. 2010-жылы Конституция жалпы элдик талкууга коюлбай, бүдөмүк түрдө шашылыш кабыл алынып калган. Мисалы, ошол жерде мамлекеттин тышкы, ички саясатын ким аныктай турганы жазылган эмес. Кийин мамлекеттин тышкы саясатын президент аныктайт деп мыйзам менен кабыл алынган. Бул Конституцияда каралган эмес. Ушуга окшогон нерселерди талкуулап алышыбыз керек. Шайлоо процессин жана башка өзгөртүүлөрдү киргизиши керек деп эл айтып жатат. Бул коомдун талабы", - дейт Келдибеков.