Мексикада Лас-Маргаритас шаарынын мэрин иштеген имаратынан ушул эле калаанын тургундары барымтага алып, кийин анын колун унаага жип менен байлап, андан ары шаар ичинде ары-бери сүйрөшкөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Шаар башчысы Хорхе Луис Эскандондун эл тарабынан мындай "жазалоого" туш болгонунун себеби - шайлоо алдында берген убадаларын аткарбай койгондугунда болгон. Тагыраагы, ал жаңы жол салып берем деп сөз берген.
Маалыматтарга караганда, 8-октябрь күнү мэрге 50дөй жашоочу топтолуп келип, убадасын качан аткарары тууралуу сурамакчы болушкан. Бирок жооп укмак түгүл алар имаратка кирүүгө да уруксат ала албай коюшат. Мына ошондо ачууланган тургундар "мэр бизге чыкпаса, анда биз аны чыгууга аргасыз кылабыз" деп аны отурган ордунан көчөгө сүйрөп чыгышкан. Анын кеңсеси да талкаланган. Кийин шаар башчысы өз жон териси менен жолдун начардыгын сезип көрсүн деп, аны унаага жип менен байлашып, көчөлөрдү аралап ары-бери сүйрөп жүрүшкөн. Ошол учурда полиция кызматкерлери араң аны өздөрүнө кайтарып алышкан. Бактыга жараша мэрдин ден соолугуна оор залал келтирилген эмес. Ал эми шаар башчысын мындай жол менен "жазалагандар" кармалышкан, алардын саны 30 адамдын тегерегинде деп жазылат маалыматтарда.
Бул окуянын кызыктуу жагдайы да бар. Лас-Маргаритастын мэри шаар тургундары тарабынан кол салууга дуушар болуусу биринчи жолкусу эмес. Буга чейин жашоочулар мэрге карата нааразычылыгын билдирүүдө ага аялдын көйнөгүн кийгизип коюшкан.
Лас-Маргаритас - бул 20 миңден ашуун калкы бар чакан шаар. Калаада жалпы жонунан дыйкандар жашайт жана алар шаардагы абалга маал-маалы менен нааразычылыгын билдирип турушат.