super.kg logo

"Менин жүрөгүм жакшылыкты сезип жатты". Батир издеп жардам сурап кайрылган памирлик үй-бүлөгө ишкер үй белек кылды

 

Интернет желесине Рамазан аттуу жигиттин видеокайрылуусу тараган болчу. Анда ал 9 бир туугандын улуусу экенин, үй-бүлөсү Памирден Нарынга келишкенин айтып, батир таппай кыйналып жатышканын айткан.

Анда алар жашап жаткан батирди кожоюну сата турганын, мындан улам башка батир издөөгө туура келгенин, иниси менен апасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин айткан. Ал видео коомчулуктун көңүлүн буруп, жардам берүү керек дегендер четтен чыккан.

Андан 1 апта өтпөй ал үй-бүлөгө ишкер үй белек кылды деген видео тарады. Видеодо айтылгандай, үй Кара-Балта шаарында жайгашкан, анын кожоюну Орусияда эмгектенет. SUPER.KG порталы памирлик үй-бүлөнүн улуу баласы Рамазанга байланышып, бул боюнча пикирин уктук.

"Видеону көрүп Кылычбек Турдукулов аттуу ишкер байланышка чыкты. Ал биздин абалыбызды көрүп абдан зээни кейиптир. Мындан улам Кара-Балтадагы үйүн белек кылды. Туугандары менен байланышып кечээ Кара-Балтага бардым. Карындашы дасторкон жайып тосуп алды. Коңшулары келсек жакшы кабыл алышарын айтышты. Биз үй-бүлөбүз менен ал кишиге абдан ыраазы болуп жатабыз. Чарбагы, оокат-жайы менен үй экен. Ачкычты алып Нарынга кайтып баратам. Кара-Балтага көчүп келүү үчүн убакыт керек, мектептеги документтерди алып, дагы башка иштерибизди бүтүрүп анан көчөбүз.

Негизи кыйналып жүргөн күндөрүмдө ушундай жакшылык болот деп сезчүмүн. Үй-бүлөбүз, баарыбыз кубанып жатабыз. Эми буюрса майып иним менен апамды дарылатуу аракетин көрөбүз", - деди ал.

Ошондой эле Рамазан Кылычбек Турдукулов аттуу ишкердин сүрөтүн интернетке жарыялады.



Жардам сурап кайрылган памирлик үй-бүлөгө ишкер үй белек кылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(21)
09.10.2019. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
21-10-2019 11:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+41
Коруп алып ыйлагым келди,карапайым элден айлансак болот.Чондорго караганда жонокой адамдарыбыздын колу ачык келет.
09.10.2019. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
04-07-2018
Соӊку аракети:
19-10-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+48
Белек кылган киши деле карапайым еле адам окшойт просто соз жок Аллах ыраазы болсун...
09.10.2019. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 00:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өтүүчү дүйнө...
+40
Үйдү берген кишинин бул жакшылыгы, 120 пайдасыздын мактанып жасаган иштнринен миң эсе жогору турат. Кылычбек байке сизге Кудай анданда жакшы үй берет буйруса.
09.10.2019. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
+39
Үй берген адамга Аллах ыраазы болсун. Көрүп алып кубандым.
09.10.2019. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
918
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+36
Уй эмес уйундон суу алып алайын десен жок деп калбадыкпы. Кудайым жалгасын уй берген кишини.
09.10.2019. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
451
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
21-10-2019 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+34
Бизге окшоп эле Россияда иштеген киши экен.Алла ыраазы болсун уй бергенине
09.10.2019. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-06-2019
Соӊку аракети:
21-10-2019 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
АЛЛАХ сизге бейиштен уй бериштти насип кылсын оомин омиин.
09.10.2019. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
641
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:47
Жынысы:
Белгисиз
+24
Ага каранганда биздин 120 элитабыз бети чымырабады окшойт,уялчаак депутаттарыбыз бар эле .
09.10.2019. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
21-10-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон)
+24
Уй берген адамдын омуру узун ден соолугу чын болсун.
Балдарынын жакшылыгын корсун.
09.10.2019. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чондор ###### которгучо,берешен адам чечип коюптур.Ушул депуттатардын мамллкеттен алган айлыгын,безинин,жардамчыларына короткон акчаны жетим,жесир,уйу жокторго берилсе жардам болот эле.Кылычбек уйбулонор менен сооптуу иш жасадынар.
09.10.2019. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 20:05
Жынысы:
Белгисиз
+21
Уй берген кишиге Аллахым эки эсе кылып берсин ылайым. Кыргыз эл журтум ынтымагыбыз арта берсин. Бири бирибизге жардам берген атуулдарыбыз көбөйө берсин. Памирлик бир туугандар аман болуп ошол уйдон өнүп оскуло элибиз тынч болсун
09.10.2019. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 22:13
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кубанып толкундангандан козго жаш келди,жогоруда жазышкандай 120 кнопка баскычтан бир карапайым жердешибиз чон жакшылык жасаптыр.Кудайым ошол адамга,уй-було,бала-чакасына омур берсин,ден-соолук берсин,жамандык жакындабасын,ылайым Жараткан мындан да коп жакшылык жасаган даражага жеткирсин,оомийин....
Ан-мынчалар,камеранын алдында бир бак тигип,мусор чогултуп пиар жасаган хайперлер ушундай реалдуу иштерди жасагыла,карапайым адамдарга жардам берип,ажатын ачкыла,батасын алгыла!
09.10.2019. 23:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
03-01-2016
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:12
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жардам сурады дегенде бир да жакшы комментарий окубадым эле
09.10.2019. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
401
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
21-10-2019 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+8
Берген жардамыңызды Аллахым сизге эселеп кайтарсын Кылычбек аке! Кечээ эле бул үй-бүлөнүн видеосун көрүп зээним кейип отурдум эле.
BarsBaatyr түзөттү 2019-10-09 23:09:05
09.10.2019. 23:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
10-09-2015
Соӊку аракети:
21-10-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх кандай сонун жанылык !!! Ушундай адамдар жакшы адамдар бар учун канча кылымдардан бери жашап келебиз
10.10.2019. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
28-11-2013
Соӊку аракети:
21-10-2019 23:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Аллахым ыраазы болсун Кылычбек байке чоон сооп иш кылыптырсыз,ден-соолук берсин аллахым,тапкандарыныздын берекесин берсин.Рамазан сен да намазыны калтырба аллахтан сурасан иншаллах баары жакшы болот
10.10.2019. 01:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 00:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун жаңылык!!! Карапайым элден айланса болот. Бул байкебизге кудайым он эселеп кайтарат буйруса. Илиталарыбыз уялып атышкан окшойт да акча чыгаргандан. Уялчаактарыбыз.
10.10.2019. 03:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
06-06-2019
Соӊку аракети:
21-10-2019 17:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сизге жараткан омур,ыйман берсин!
10.10.2019. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
24-02-2011
Соӊку аракети:
21-10-2019 20:12
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озу жашаган уйун белек кылган болсо, кийин кайтып келип кайра алып койбойт бекен?
Super TV
10.10.2019. 15:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
19-10-2019 18:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй берген адамга Аллахым узуун омур берсин.......Мына биздин берешен эл....
Super TV
11.10.2019. 16:12 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
21-10-2019 16:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Аииий ай уялтпагылачы.жанагы уялчаак жепутат байкебиз бар элего.ошолор шапкесин басаа кийип калдыго.баса урматтуу админдер памирде калган кыргыздар качан келээри жонундо жазсанар.маалыматынар болсо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132663;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: