Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Бердикул Караев күмүш медалга ээ болду.
Караев грек-рим күрөшү боюнча 88 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Ал чейрек финалда венгриялык Лазло Сзейтл менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда ирандык балбанды жеңип, финалга аттанган.
Караев финалда Германия өлкөсүнүн спортчусу Вилхелм Шредер менен беттешти. Шредер беттеште 5:0 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында Караев күмүш медалга ээ болду.