Куудул Тынар Курбаналиев ден соолугу жакшы экенин, бир күн мурда чекесин жарып алганын айтты. Ал ооруканага барганда белгисиз бирөөлөр сүрөткө тартып алыптыр дейт.
"Мен үчүн кабатыр болбогула. Чекемди жарып алып ооруканага келгем. Келсем белгисиз бирөөлөр сүрөткө тартып алышыптыр. Менде баары жакшы", - дейт ал.
"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман куудул сабалды деген билдирүүсүн жөнөткөн. Ал так маалыматы жок экенин айткан.