Орусияда жашы жете элек балдардын чылым чеккени билинсе, алардын ата-энесине чара көрүлөт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, "демилгени Орусиянын Ички иштер министрлиги көтөрүп чыккан. Өкмөттүк комиссиянын отурумундагы протоколунда, демилгенин мыйзамдуу долбоору 2021-жылга чейин ишке кирет деп айтылган. Жаңы кодекске жараша, балдардын зыяндуу адаты үчүн ата-энелер административдик жоопкерчиликке тартылышат. Учурда Орусиянын Юстиция министрлигине кодекстин үстүндө иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Протокол боюнча бул 23-октябрга чейин ишке ашат", - деп айтылат маалыматта.