Депутат Ирина Карамушкина күчтүү парламент болсо, күчтүү өлкө болорун эске салды. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Сот эки депутатты үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарды. Менин телефонумду алып коюшту. Ансыз деле аны 2 айдан бери тергөө кызматкерлери кармап келишкен. Ал эми Кодуранованы телефон гана эмес, интернет менен колдонуусуна тыюу салганы жатышат. Бул укуктук өлкөдө жарандардын укугу корголбой эле, тебеленип жатат. Мен Президентке кайрылып, андан аудиенция сурайм. Биздин көзүбүзгө карап туруп, өлкөдө эмне болуп жатканын айтсын", - деди ал.