Новосибирсктеги кыргыздар иштеген базардагы чыр: 11 мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылат

Новосибирскте кыргыздар иштеген базарда чыр чыгып, атышуу орун алган. Полиция кызматкерлери бул окуядан кийин 195 мигрантты текшерүүгө алып, анын 30у кармалды.

Новосибирск облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда атайын кабылдамада чет элдик 11 жаран кармалып турат. Аларды Орусиянын аймагынан чыгаруу үчүн тийиштүү документтер топтолуп жатат.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан базардагы жаңжал боюнча кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары болгон эмес.

"Мушташ боюнча кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары катталган эмес. Ал эми 11 адамдын депортацияланышы боюнча тактоолор жүрүп жатат. Азырынча Орусиянын аймагынан чыгарылат делингендердин арасында Кыргыз жараны бар же жогу тууралуу расмий маалымат жок", - деп билдирди.

Уруш 7-октябрь күнү болгон. Жаңжалга 50гө жакын киши катышкан. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары бар болгондугу айтылган.

Бул факты боюнча "бейбаштык" жана "опузалап талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан