Кайсы гана өлкөнүн экономикасы болбосун инвестициясыз натыйжалуу иштей албайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев BIF-2019 Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.
"Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, жеке менчикти коргоо жана бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү биздин жалпы ишибиздеги маанилүү артыкчылык болуп саналат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө туура тандалган артыкчылыктар натыйжаларын берүүдө. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициянын агымы дээрлик 40 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 60 пайызга жеткен. Тышкы соода балансынын тартыштыгы 450 миллион долларга кыскарган. Бул начар көрсөткүч. Ички ресурстардын, өндүрүштү өбөлгөлөөнүн жана бюджеттин ашыкча чыгымдарын кыскартуунун эсебинен биз өлкөгө келген инвестициялардын агымын турукташтырууга жетише алдык. Ата мекендик экономиканын турукташуусундагы кыйла маанилүү дагы бир нерсе тышкы карыздын анча чоң эмес. Бирок туруктуу төмөндөө тенденциясы болуп саналат", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы келечекте чоң инвестиция алып келиши мүмкүн болгон экономиканын бир катар артыкчылыктуу багыттарын санап өттү.
"Бул туризм чөйрөсү, ЕАЭБке мүчөлүк, ВСП+тан артыкчылыктардын берилиши, стратегиялык, географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу. Эл аралык абройлуу институттардын изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргыз мамлекети батыш тараптан жалпы калкы дээрлик 700 миллион адамды түзгөн рынокко ээ. Ошондой эле 2,5-5 миллиард долларга чейин түз чет элдик инвестицияларды тартуу потенциалына ээ. Өзүңүздөр билгендей, Кыргыз мамлекетинин 1,5 миллиард калкы бар Кытай менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү акыркы жылдары жогорулады. Мындан тышкары, 1,4 миллирад калкы бар Индия менен карым-катнаш да жакшырууда", – деди өкмөт башчы.