Калыс финалдык ышкырыгын жаңыртты. Кыргыз футболчулары тайпада алгачкы жеңишине жетишти!
Оюнга төрт мүнөт кошулду.
ГООООЛ! Эдгар Бернхардт пенальтиден оюнда хет-трик жасады. Эсеп саны 7:0.
Бул оюнда бардыгы гол киргизүүгө аракет жасап жатышат. Козубаевдин бурчтан чыгарылган тобу бийик болуп калды.
Фархат Мусабековдун ордуна Муролим Ахмедов чыкты. Бул биздин курамдагы акыркы алмашуу.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго бүгүн 13 миң көрүүчү келген.
ГООООЛ! АЛИМАРДОООН ШУКУРОООВ! Оң капталдан уюшулган чабуулду Шукуров сол буту менен таамай жыйынтыктады. Эсеп саны - 6:0. "Болуспордо" запастагы оюнчу болгон Шукуров эми түркиялык клубда иши жылышат өңдүү...
Гүлжигит Алыкуловдун ордуна Турсунали Рустамов чыкты. Алыкулов мыкты оюн көргөздү.
Люкс 100 пайыздык абалды колдоно албай калды. Кошумча узаткан Алыкулов таамай болгон жок.
Мирлан Мурзаевдин ордуна Виталий Люкс талаага чыкты. Крестининден алгачкы алмаштыруу.
Бернхардт аз жерден хет-трик жасап коё жаздады. Анын соккусу дарбаза мамысына тийип калды.
Экинчи тайм башталды. Крестинин алмашуу жасаган жок.
Биринчи таймдан сүрөттөр.
ГООООЛ! ВАЛЕРИИЙ КИЧИИИН! Коргоочунун замбиректен атылган октой узатылган соккусу дарбазага таамай болду - 5:0!
Биринчи тайм соңуна чыгып калды. Күйөрмандар бир да мүнөт тынбай колдошууда.
Мусабеков 20 метрден тепкен айып соккусу кооптуу болду. Бурчтан чыгарып берүүнү коноктордун коргоочулары кооптуу абал жаратууга жол берген жок.
Оюн ортоңку бөлүктө жүрүүдө. Мьянманын олуттуу чабуулу болуп өттү. Матяш дарбазасын сактап калды.
ГООООЛ! ГҮЛЖИГИИИИТ АЛЫКУЛОООВ! Сол капталдан уюшулган чабуулду таамай соккусу менен жыйынтыктады. Бул Алыкулов үчүн улуттук курама команда үчүн дебюттук голу. Эсеп саны - 4:0.
ГОООООЛ! АЛИМАРДОООН ШУКУРОООВ! Жаш футболчу сол капталдан башталган чабуулду гол менен жыйынтыктады. Офсайд болгон эмес, андыктан таза гол - 3:0!
Кыргыз футболчуларынын чабуулдары токтобой уланууда. Шукуровдун соккусу, Кичин дагы сокку узатты. Мьянма оюнчулары эмне кыларын билбей жатышат.
ГООООЛ! ЭДГААААР БЕЕЕРНХАРДТ! Жарым коргоочу оң жактан көтөрүлүп берилген топту башы менен киргизди - 2:0.
ГООООЛ! Эсеп саны ачылды. Эдгар Бернхардт дээрлик 20 метр алыстан узатылган соккусу дарбазага таамай болду - 1:0.
Калыс старттык ышкырыгын жаңыртты. Оюн башталды.
Күйөрмандар стадионго келишүүдө. Оюн башталарына дагы 10 мүнөт бар.
Эки команданын курамы жана оюндун протоколу.
Эки команда оюн алдындагы машыгууга чыгышты.
Кыргыз өлкөсүнүн оюн талаасына чыга турчу старттык курамы белгилүү болду. Крестинин Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шукуровго ишеним артты. Виталий Люкс запаста калды.
Кыргыз өлкөсү өз үйүндө Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында алгачкы беттешин өткөрөт. Каршылаш - Мьянма өлкөсү. Оюн саат 20:30 да башталат.