Атактуу америкалык телеалпаруучу Опра Уинфрини швейцариялык сатуучу кедей катары кемсинтти

Белгилүү миллиардер, телеалпаруучу жана продюсер Опра Уинфриге Швейцариянын дүкөндөрүнүн биринде өзүнө жаккан баштыгын сатуучу сатпай койду. Сатуучу Уинфриге ал баштыкты сатып алууга акчасы жетпей турганын айтып, арзанын сунуштаган. Опра Уинфри мындай мамилеге эч нерсе дебестен дүкөндөн чыгып кеткен. Бул тууралуу ал америкалык телеканалдардын бирине интервью берип жатып продюсер өзү билдирди. Телеалпаруучу аталган өлкөгө ырчы Тина Тёрнердин үйлөнүү тоюна барган. Швейцариянын улуттук туристтик уюму телеалпаруучудан кечирим сурады. Ал эми сатуучу өз күнөөсүн моюнга албай, англисче жакшы түшүнбөстүктөн ушундай окуя болгонун айтууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
amina_0156
2013-08-12 18:29:28
ой тооба!
0
Aidai2010
2013-08-12 18:46:38
Биздин магазиндерде дагы, айрыкча бутиктерде да ошондо мамиле кылышат, кийинип жургон келбетинди карап мамиле жасашат.
+4
Jaidara
2013-08-29 13:09:10
Айдайга кошулам эн туура айтат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан