Бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясы саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту.
Баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жасады.
Фракция депутаттары өкмөттүн маалыматы эске алынсын деген чечим чыгарды. Вице-премьер-министр депутаттар тарабынан айтылган сындар жана сунуштар эске алына турганын билдирди.