Эфиопиянын премьер-министри Нобель сыйлыгына ээ болду

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Алиге "Нобель" сыйлыгы ыйгарылды. Ал "Нобель" сыйлыгынын "Тынчтык үчүн" номинациясынын ээси болду.

Маалыматка ылайык, премьер-министрге сыйлык тынчтыкты бекемдөө, коңшу Эритрея мамлекети менен 20 жылдан берки куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн тапшырылды.

"Абий Ахмед Али тынчтыкты бекемдеп, эл аралык кызматташтыкты кеңейткендиги жана канча жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесин чечкендиги үчүн сыйланат", - деп билдирген сыйлык берүү комитетинен.

Абий Ахмед Али премьер-министр кызматына 2018-жылдын 1-апрелинде шайланган. Ал Африка өлкөлөрүндөгү өкмөт башчы кызматын аркалаган алгачкы мусулман.

"Нобель" сыйлыгынын "Тынчтык үчүн" номинациясы 1901-жылдан бери 99 ирет тапшырылган. 12 жолу сыйлык ыйгаруу комитети бул наамга ылайыктуу талапкер таба алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан