Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан жетекчиси Мелис Турганбаев Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу уюштуруучу комитеттин расмий сайтына жарыяланды.
Ардагерлер арасындагы беттеш кечээ, 11-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өттү. Анда 55 жаштан 59 жашка чейинкилер арасындагы 78 килограмм салмакка чейинки категорияда Мелис Турганбаев күрөштү.
Ал чейрек финалда украиналык Сослан Адырхаев менен, жарым финалда казакстандык Турпалали Сулайманов менен, финалда америкалык Жорж Брэдли менен кез келип, жеңишти камсыздаган.