АКШнын Калифорния штаты жаныбарлардын терисинен жасалган буюмдарды сатууга тыюу салды

АКШнын Калифорния штаты биринчилерден болуп, жаныбарлардын терисинен жасалган буюмдарды сатууга тыюу салды. Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом жаныбарлардын терисинен жасалган буюмдарды сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, мыйзам штаттын айланасында териден жасалган буюмдарды сатууга, белекке берүүгө, алмашууга тыюу салат. Чектөө кийимдерге, бут кийимдерге, баштыктарга жана баш кийимдерге киргизилген.

Мындан сырткары, губернатор цирк оюндарында жапайы жаныбарларды колдонууга тыюу салды. Мындан мурун мындай чектөөлөр Лос-Анжелес жана Сан-Франциско шаарларында киргизилген.

Акыркы жылдары табыгый териден жасалган буюмдардан бардык ири мода үйлөрү баш тарткан. Алардын арасында Armani, Prada, Calvin Klein, Hugo Boss, Ralph Lauren жана Gucci дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alia82
2019-10-14 17:02:51
Молодцы!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан