Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен 14 жаштагы өспүрүм секирип, каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү саат 17:55 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен өспүрүм секиргени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу 14 жаштагы Н.Э. аттуу өспүрүм экенин, ал денесинен оор жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгонун аныкташкан.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда окуянын себеби аныкталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.