ЕАЭБдин бажы аймагына 1 миллион 540 миң сомдук чөнтөк телефондорду мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ош облусунда А.Ж. аттуу жарандын башкаруусундагы Honda үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Автоунаанын салонун текшерүү учурунда коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 миллион 540 миң сомдук чөнтөк телефондор табылган. Алар Maxvi C20, Maxvi C3, Inoi 108 R,Nobby 330T, Led Lighed Makeup Mirror үлгүсүндөгү уюлдук телефондор болгон", - деп айтылат маалыматта.
Айдоочу телефондорго тиешелүү бир дагы мыйзамдуу документ көрсөтө алган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.