Япониядагы "Хагибис" тайфунунун кесепетинен каза болгондордун саны 61ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматта жазылгандай, дайынсыз жоголгондордун саны 13 болсо, 200 жаран ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Тайфунду жамгыр коштоп, кээ бир аймактарда 2 күн ичинде бир айлык нормадагы жамгыр жааган. Мунун кесепетинен өлкөдөгү 37 дарыянын тосмолору бузулган.16 префектурадагы 161 дарыяда суу ташкыны жүргөн. Тайфундун кесепетинен өзгөчө Фукусима, Мияги, Канагава, Тотиги, Саитама, Нагано, Сидзуока жабыр тартты. 13 префектурадагы 138 миң үй дагы деле суусуз калууда. Ал эми 34 миң үй жарыксыз калган.
«Xaгибиc» тайфуну 12-октябрда Япониянын Хонсю аралына түшкөн.