Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев: "Коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Кошуна өлкөлөр менен болгон мамиле жакшырды". КҮНСОБОЛ

2017-жылы 15-октябрда Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкан калктын 54,79 пайызынын добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун өлкө президенттигине шайланганына 2 жыл болду. Өлкөнүн башчысы катары 2 жыл ичинде кандай жыйынтык көрсөттү?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев бир топ жакшы иштер жүрүп жатканын айтты. "Коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча айта турган иштер көп эле. Кошуна мамлекеттер менен болгон мамиле калыбына келтирилди. Жакшы иштер жасалды деп айтсак болот. Ал эми жетишпеген жактары парламент менен өкмөткө карата айтылган сын-пикирлер көп. Алардын иши коомчулукту канааттандырбай жатат. Парламент менен өкмөткө басым жасап, экономика менен алектенсе дагы иштер алдыга жылат", - дейт Дүйшөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан