Фейсбук тиркемесинде фейк аккаунттарды ачыкка чыгарган колдонуучулар жеке баракчаларына кире албай калган. Бул тууралуу Фейсбуктун мындай кадамына нааразы болгон колдонуучулар жазышты.
"Бир жумадан бери Фейсбуктагы аккаунттарыбызга кире албай жатабыз. Маселени чечүү үчүн Фейсбуктун өкүлдөрүнө байланышууга аракет кылдык. Бирок эч майнап чыкпады. Фейк аккаунттар тууралуу билдирген колдонуучулардын баракчаларына жарым сааттан кийин тосмо коюлуп калган. Алар кайра катталууга аракет жасаганда, "коопсуздук текшерүүсүнөн" өтүү сунушталат. Колдонуучулар бул жактан да өтө албагандай систем иштеп жаткандай туюлду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кырдаал боюнча Фейсбук үн ката элек.