Актрисанын жакындары коомчулукту сылык болууга жана аларды Анастасия Заворотнюктун оорусун түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Анастасия Заворотнюктун жакындары биринчи жолу актрисанын оорусу тууралуу айтып, жагдайларга тиешелүү жазууларды социалдык тармактагы баракчага тиркешкен. Алар ошондой эле Заворотнюк жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы тууралуу маалыматты да четке кагышкан.
"Ал комада жаткан эмес жана эч качан жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган эмес. Мындан сырткары, ал аң сезимин жоготуп, шал болгон дагы эмес, булардын баары ойдон чыгарылган маалыматтар", - деп айтылат актрисанын жакындарынын билдирүүсүндө.
Мындан сырткары, Заворотнюктун туугандары коомчулукту алардын каалоолорун сыйлоого, актрисанын оорусунун жагдайларын пайдаланып туура эмес маалыматтарды таркатпоого чакырган.
"Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу белгилүү болгон актрисаны акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап келгенин чет элдик басылмалар буга чейин жазып келген. Ал бул залалдуу шишик менен жарым жылдан бери күрөшүп келгени айтылган.