Путин Абу-Даби эмирине ак шумкар белек кылды

Орусиянын президенти Владимир Путин Бириккен Араб Эмиратындагы иш сапарынын жүрүшүндө Абу-Даби эмири Мухаммед бен Заид аль-Нахайянуга ак шумкар белек кылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматта жазылгандай, жооп иретинде Абу-Даби эмири Путинге Бириккен Араб Эмиратынын мурунку президенттик резиденциясынын Каср аль-Хосн сарайынын макетин тапшырды. Белекке берилген шумкар мергенчилик кылуудагы эң мыкты куш болуп саналат. Орусия шумкарлары чыгышта Персия шахында, Түркия султандыгында өзгөчө бааланат. Орусия падышачылыгында мындай белек берүү менен саясий маселелерди чечип келишкен. Мергенчилик Араб өлкөлөрүндө улуттук салт катары эсептелинет.

Шумкар Орусиядагы кызыл китепке кирген куштардын чоң тобуна кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-jigit.com
2019-10-16 13:18:11
Ысык-Колдук "Альфа" деген куш экен деп суйунуп атышты элегоо))
+2
Wibee
2019-10-16 13:51:41
Путин жаман кыйтыр
+1
cubich
2019-10-17 11:29:50
Бул Шумкары разведчик болсо керек. Кайра Россияга учуп кетип калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан