9 жыл бою кыяматты күткөн үй-бүлө жер төлөдө жашап келгени белгилүү болду. Нидерландынын түндүк-чыгышында жайгашкан Дренте провинциясындагы Рёйнерволд кыштагынан анча алыс эмес жердеги фермадан полиция кызматкерлери жер төлөдөн 9 жылдай жашаган 58 жаштагы эркек кишини, 16 жаштан 25 жашка чейинки 5 адамды жана алардын атасын алып чыгышты. 58 жаштагы кишинин калган 6 адамга кандай тиешеси бар экендиги азырынча тактала элек. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, бул тууралуу Рёйнерволддогу барга келген 25 жаштагы үй-бүлөнүн улуу баласы айтып берген. Ал 13-октябрда келип, 5 кружка сырага буюртма берген жана барменге бир туугандары жөнүндө айтып, жардам сураган. Анын коё берилген узун чачы, сакалы жана кийими эски болгондуктан, түрү өтө суук көрүнгөн. Ошондой эле ал 9 жылдан бери биринчи жолу көчөгө чыкканын айтып берген.
Барга полиция кызматкерлери чакыртылып, алар 25 жаштагы жаранды алып кеткен. Кийин бак-дарактар менен курчалган ферма текшерүүгө алынган. Үйдөгү китеп шкафы аркылуу жер төлөгө кетчү тепкичтер табылган. Ал жактан 58 жаштагы эркек кишини көрүшкөнү менен ал издөө иштерине катышуудан баш тарткан. Рёйнерволд кыштагынын башчысы Рожер де Гроот "бул киши башка балдардын атасы эмес" деген. Үй-бүлөнүн башчысы жер төлөдө керебетте кыймылсыз абалда жаткан жеринен табылган. Балдардын апасы тууралуу маалымат жок. Ал бир канча жыл мурун каза болушу мүмкүн дешүүдө.
Ошондой эле бул үй-бүлө жер төлөдө так канча убакыт өмүр кечиргени да белгисиз болууда. Үй-бүлөдөгү балдар тышкы дүйнө менен байланышы жок чоңоюшкан. Алар чарбакта өскөн азыктар менен тамактанып, жан сакташкан. Мындан сырткары, алардын эчкиси дагы болгон. Кошуналары ал жерде жалгыз эркек киши жашайт деп билишкен жана ал эч бир адамдын үйүнө киришине уруксат берген эмес деп жазылат маалыматта.